Компания жөнүндө
«Айгүл трейд» компаниясы Айгүл гүлү өскөн жер жүзүндөгү жападан жалгыз өлкө - Кыргыз Республикасында түзүлгөн. Айгүл гүлү – өтө сейрек кездешүүчү жана уникалдуу өсүмдүк болгондуктан, уламыш боюнча ачылган Айгүл гүлүн көргөн адам чексиз бактылуу болот.
Бирок компаниянын бизнеси Кыргызстандын чегинен тышкары да алыска тараган.
Айгүл трейд Чыгыш Европа жана Борбордук Азия өлкөлөрүнө жогорку сапаттагы өнүмдөрдү үзгүлтүксүз жеткирүүгө адистешкен. Компаниянын кардарлары – бул компания ишмердүүлүк жүргүзгөн ар бир өлкөдөгү ири соода тармактары, мейманканалар, ресторандар, ошондой эле маркетплейстер жана жеткирүү кызматтары.
Негизги бизнес багыттарынын бири консерваланган өнүмдү жана кесипкөй курулуш аспаптарын жеткирүү болуп саналат.
Айгүл трейд белгилүү бренддер менен иштейт жана ар дайым жаңы кызматташууга жана жаңы багыттарга ачык.
Компаниянын саясаты - дайыма кардарлардын тилектерин орундатып, өнөктөштөр менен узак мөөнөттүү, жемиштүү мамилелерди түзүү.